Кремлдеги тегерек столдо жолугушкан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жыйыны сүрөттөрдө

Бүгүн, 16-майда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү.

Кремлдеги тегерек столдо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту.

Катышуучулар ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюшту, ошондой эле Казакстан Республикасынын аймагында 2022-жылдын январында
ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан