реклама
super.kg logo

Назира Айтбекова: "Атам менен чогуу иштеген курсактуу киши оозумдан өпкөн"

 

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова SUPER.KG порталына маек курду.

Назира Айтбекованын социалдык баракчасындагы кыз-келиндердин каттары учурдун эң оор реалдуулугу болду. Көзүбүздү жаап өтүп кете албаган жашоонун чындыгы болду. Элде айтылбай жаткан эчен маселе, жан дүйнө жарасы бар экенин бул каттар далилдеди.

Ал өз сөзүндө кичине кезинде зомбулукка кабылганын айтты.

"Атам менен чогуу иштеген курсактуу, бою узун, далдайган киши үйгө келди. Ашканада атамдар менен тамак ичип отурган. Мен болсо чоң энем менен балдар бөлмөсүндө болчумун. Бир маалда тиги киши биз отурган бөлмөнүн эшигин ачып, колун жаңсап мени чакырды. Кыргыздын салты бар го улуулар үйгө киши келсе "тур учураш, бетиңден өптүрүп кел" дей беришет го. Ошентип чоң энем мени "тур, учурашып кел" деп тиги кишиге жиберди. Анан мен барсам тиги киши колумдан тартып эшикти жаап, тизелеп отуруп менин оозумдан өптү. Азыркы күнгө чейин ошол кишинин жыты эсимден кетпейт, абдан жийиркеничтүү эле. Андан кийин алдына отургузуп алып денемди кармалады. Анан мен кызыктай абалда болуп, денем титиреп кетти. Анда мен болгону 1-класстын окуучусу элем. Андан кийин мени бөлмөгө киргизип, ашканада өзүнчө шарактап отурушту. Бир маалда дааратканага барымыш болуп, биз отурган бөлмөгө келип мени кайра колун жаңсап чакырды. Мен баргым келбей турсам чоң энем "тур эле, тур, барып кел" деп кайра жиберип койду. Ошону менен 2 жолу ыдык көрсөтүү болду. Менде ушундай бир жийиркеничтүү сезим калып калды жан дүйнөмдө.

Ал кишинин бул кылыгын мен атама дагы, апама дагы айта алган жокмун. Себеби атам мени коргоп, чоң согуш чыкмак, апамдын жүрөгү оорумак. Бирок кийин чоңойгондо апама айткам. Ал ошондо эмнеге айткан жоксуң деп абдан кабатыр болгон. Психологиялык жактан эркектерден абдан жийиркенип калат экенсиң. Бирөө колуңду кармап койсо өзүңдү кир сезип баштайт экенсиң. Турмушка чыкканга чейин жигит жандагандан коркуп, өзүмдү качырып жүрдүм. Анан турмушка чыкканда жолдошум сабаттуу болгон үчүн мени акырын коркутуп-үркүтпөй көндүрүп алды", - дейт Назира Айтбекова.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.




aksia550_3


Назира Айтбекова: "Мен дагы кичинемде зомбулукка кабылгам".

Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(23)
20.05.2022. 21:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1869
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 07:58
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сен өзүң жалжактап турсаң өбөт да. Эркектин да сага окшогон жалжактаганы бар да.
21.05.2022. 08:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
26-06-2022 12:45
Жынысы:
Белгисиз
-5
nazira..., а байкуш сени кыргызды эч ким опкусу даже келбейт окшойт а, берсен дагы, хахаха
20.05.2022. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
898
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге эле эркектин баары Назирага гана тийише берет."Звездамын" дегендерден ушул Назира эле мага эркектер тийише берет дейт.Же кызыга турган нерсеси жок.Эркектерди жамандап гана жүрөт.Аялдарды эркекке каршы коет.Эгер Назиранын "звезда"болгуча сүрөтүн бир көрүп койсонор,канчалык экенин көрөсүнөр.Сулуу эмес болчу,эми эле бетине ар нерсе чаптап,мамагын көрсөтүп калбадыбы.Эркектер ушул Назирага тийишпегилечи сураныч.Башка сулуу кыздар толтура го.Эркекке зар болуп калсан экен.
Mister-XXX түзөттү 2022-05-20 21:43:36
20.05.2022. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-04-2015
Соӊку аракети:
19-06-2022 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+8
Mister-XXX,зар болгону учун эркектерге асыла берет да,
21.05.2022. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
0
aizbek,эркектер өзүңөрдү өнүктүрүп өстүрүүлө! Кыздарды, аялдарды каралап, кемсинтип койсоң эле самооценкаң көтөрүлүп күчтүү инсан болуп калбайсың! Эң негизгиси өзүнө өзүңдүн алың жетсин! Бирөөгө асылып, аны каралоо чыныгы эркектин иши эмес! Обьюзерлер, психопаттар, психологиялык вампирлердин жасай турган иши. Мите курт болбой өзүңөрдү өлтүргүлө!
21.05.2022. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mister-XXX,эркектер Назирага эле эмес кымындай кыздарга дагы ыдык көрсөтөт. Баардык эркектер үчүн жооп бере албайсың! Фэйсбуктагы Назирага жазган скриншотторду окуп чык! Анан сүйлө!
20.05.2022. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1181
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
04-07-2022 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+13
Назирада психологиялык трамва бар,башынан коп нерсе отту.Жакшы, ыймандуу куйоо жолугуп,туура жолго салып бактылуу болсун.
20.05.2022. 23:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
05-07-2022 17:33
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айтпаганын ушул эле калды эле.. Кок мээ десе..
21.05.2022. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ruma, чындык ачуу!
20.05.2022. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
05-07-2022 16:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Жаман киши экен тырмактай кызга тийишкен, жаш кызда не куноо
21.05.2022. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
-2
Birimdik5555, кичинекей кыздарды бар учураш дей берген чоң энесин чокуга чапкым келди чын! Бир тууганы болсо бир жөн! Каяктагы эле атасы мн иштеген бирөөгө салып берип кичинекей кызды.
21.05.2022. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
319
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
+6
Тушунсонор чон адамдардан дагы этият болсун ата энелер деп айтып атканы. Жаш балдар коркуп анан дагы уят деп айта албайт . Лично мага чоон эле мугалим тийишкен. Олимпиадага барганбыз районго агай эжекейлер менен чогуу район борборуна кайтарда уйдун тушуна келгенде автобустан тушуп кетип атсам Ошол чоон эле агайыбыз колумду сыйпалайт тогузунчу класстагф секелек болчумун. Чочуп колумду тартып алгам. Автобус дагы союздан калган эски ичиндеги свети куйбойт болчуда . Жек кором Ошол агайды
21.05.2022. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
898
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bazana,Макул,айтсын.Бирок Назира давно эле эскертип айткан.Кечке эле эркектерди жамандай берип эмне табат?Күйөөсүнөн кордук көрсө,башка эркектен кордук көрсө,демек өзүндө мандем бар.Эркектен жакшы нерселерди көргөн айымдар толтура.Эркектер баарына эле тийише бербейт.Көбүнчө кийингенине,жүрүм-турумуна карап тийишет.
21.05.2022. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mister-XXX,кыргыздын эркектери кылымдар бою аялдарга болгон күнөөнү оодарып келишкен! Ошол доор бүттү болгону! Эми мал болуу оңой болбойт! Эркек дагы адам! Ал дагы өзүнүн ыплас, жийиркеничтүү кылган ишине жооп берет! Болгону кабыл алгыңар келбей жатат! Талдандап бүттүңөр!
22.05.2022. 06:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
319
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
0
Mister-XXX,кыш болчу узун куртка сапог ,юбка иш кылып Эч жерим ачык эмес унчукпай жалжактабай эле келе жатканмын.Педагог улгу болчуу адам ушинтсе ой тообо . Ал убакта кичине экем азыр ойлоп тобо чачым тик турат .
21.05.2022. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bazana,кичине балдар, кыздар жөнүндө аялдар эле ойлонушат окшойт! Кээ бир эркектер мал боюнча калган! Ушунчалык жийиркеничтүү иштерин кичине наристе кыздарга жасаса! Кичине бала эмне болуп жатканын түшүнө деле албайт! Психологиялык травма алып түнт болуп сүйлөбөй калат жабылып! Анан ата энеси педофил жөнүндө эч нерсе билбей калышат! Ата энелер, чоң ата чоң апалар, таэне тай аталар кичине балдарды педофилдерди колуна салып бербегилечи! Өз милдетиңерди баланы коргоо боюнча аткаргылачы!
21.05.2022. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыздарды карабай, көңүл бурбаш керек окшойт. Акыркы күндөрү эркектер чочулап баратышат
21.05.2022. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
03-07-2022 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
alimbek94,педофилия деген эмне, харасмент( сексуалдык асылуу) деген эмне билгиле! Силердин кызыңарды маршруттан көчүгүн кармалап, мүчөсүн артына коюп алып жатса калп эле элдер менен тыгылымыш болуп, ким күнөөлүү? Бул бир эле мисал! Аял дагы адам. Буюм эмес!
21.05.2022. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
510
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 11:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Апасы кайда болду экен ошо маалда,шарактап отурушса атасы менен апасы кыйла эле мас абалда болушкан го
21.05.2022. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
05-07-2022 16:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Бул нерседен озубузго сабак алышыбыз керек кыздарыбызды, неберелерибизди чон кишилер менен учураштырбай эле оолак кармаш керек экен деп. Озу мусулман дининде да туура тарбия бар аял киши менен эркек кол алышып учурашпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: