БАЭден Кыргызстанга кымбат iPhone телефондорун аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды (фото)

Мамлекеттик бажы кызматында иштейбиз деп өлкөнүн бюджетине ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришип, уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Алынган маалыматтарга караганда, айрым ишкерлер Кыргыз жарандарынын арасынан материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу максатында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, БАЭден Кыргызстанга кымбат баалуу мобилдик телефондорду жана аксессуарларды аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкан.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 19-майында "Манас" Бажы каттоо жеринин бажы контролунун аймагына, ичинде кымбат баалуу 5759 даана мобилдик телефон менен "SIVAS TRADE" ЖЧКсына таандык жүк ташуучу унаа учак келип конгон соң мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен мурда алдын ала макулдашылган схема боюнча тиешелүү жүк ташуу документтерин толтурбастан эки Мерседес-Бенц автоунаасына бул жүктү мыйзамсыз жүктөп алып өтүүгө аракет кылган.

Бул ишке байланыштуу жогорудагы автоунаалар токтотулуп, ичиндеги жүктөр текшерүүгө алынган. Автоунаалардын жүк салгычтарын текшерүү учурунда 5567 даана кымбат баалуу телефондор, 127 даана кулакчындар (наушник) жана 64 даана сааттар табылган.

"Учурдагы товарларга тиешелүү жүк ташуу документтери жок болгондуктан бул жүк мыйзамсыз түрдө аткезчилик жол менен экспорттолгон. "SIVAS TRADE" ЖЧКсы бажы алымдарын жана кошумча наркка салыкты толтурбастан жана төлөбөстөн мамлекеттик бажы кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери "Манас" Бажы каттоо жеринин улук инспектору аталган А.Н.К. аттуу кызматкерден "Чыгарууга уруксат берилди" деген штамп алган", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча материалдар тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан