Прокуратура: "Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери 3 миллион сомдон ашык каражатты кымырып алганы аныкталды"

Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери өзүнө жана башкаларга 3 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз чегерип алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"Сүлүктү ШИИБинин каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан сырткары негизсиз 2 миллион 482 миң 586 сомду жана башка кызматкерлерге 138 миң 77 сомду которуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгендиги аныкталды. Мындан сырткары, жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 миллион 141 миң сомду түзгөн", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Бул фактылар боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан