Азербайжан жазуучуларынын Карабах коогалаңы тууралуу аңгемелери кыргыз тилине которулду.
Кечээ, 23-майда Бишкек шаарында Азербайжан жазуучуларынын Карабах коогалаңы тууралуу жазган аңгемелеринин кыргыз тилиндеги жыйнагынын бет ачары өттү. Ага Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган белгилүү адабиятчылар катышты. Иш-чарага Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов жана азербайжан элинин өкүлдөрү конок катары чакырылган.
"Карабах аңгемелери" аттуу жыйнак акын Алтынбек Исмаиловдун жетектөөсүнүн алдында чыккан. Китепти кыргыз тилине Алтынбек Исмаилов, Жылдызбек Турсунбаев, Жолдубек Качкынбаев, Бекболот Сарыбаев жана Каныбек Умурзаков которгон.
Китепте Тоолуу Карабахтагы кандуу коогалаң тууралуу жазылган аңгемелер топтолгон.