Эльвира Сурабалдиева: "Айымдар силерге шайлоодо эле керекпи?"

Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптештерине нааразы болду. Ал Эсептөө палатасынын аудиторлорун дайындоо боюнча талкуу учурунда көңүл бурбай жаткан депутаттарга кайрылды.

"Бүгүнкү күндө жоопкерчиликтүү кызматтарда 24 пайыз эле айымдар иштеп жатат. Бул дагы орто кызмат, жогорку кызматка келгенде 8 эле пайызы айымдарды түзөт. Эсептөө палатасына 5 кандидатты алып келип жатасыңар. Бүгүнкү күндө айым кандидат да жок, аудит болуп иштеген айым дагы жок. 30 жылдан бери кесипкөй айым чыккан жокпу?

Урматтуу кесиптештер, айымдардын маселеси деп эле укпай калышат. Же айымдар силерге шайлоодо эле керекпи? Комитеттен бул маселени көтөрсөм кесиптештерим дагы, жоопкерчиликтүү адамдар дагы шылдыңдагансып күлүп отурушат. Күлө турган кайсы маселе бар? Урматтуу президент, өкмөт мүчөлөрү, фракция лидерлери, урамттуу мырзалар уялыш керек. Бул уят иши. Күзүндө төрт талапкерди карайт экенбиз, ошондо мен 30 пайызы айымдар болуш керек деген талап коём", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан