Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылы июнь айынын башынан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек-Самара каттамы 8-июндан тарта каттай баштайт. Каттам Бишкектен жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт.
Ошондой эле Бишкек-Казань каттамы 6-июндан тарта, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү жумасына бир жолу, ал эми Бишкек-Новосибирск каттамы 9-июндан баштап Бишкектен 8 күндө бир жолу каттайт.
Казакстандын чек арасынан өтүү үчүн COVID-19га карата ПЦР методу менен алынган тесттин терс жыйынтыгы жана берилген күндөн тартып Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда 72 саат өтпөгөн маалымкат талап кылынат.
- 5 жашка чейинки балдарга;
- Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрүнө;
- Локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждарына;
- Казакстанда ревакцинацияны же COVID-19га каршы эмдөөнү толук алгандарга. Жүргүнчү экинчи компонентти алганына 6 айдан ашык убакыт өтпөшү керек жана аны тастыктоочу документти көрсөтүүсү зарыл;
- Казакстандын аймагында жарактуу деп таанылган COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө паспорт/сертификат/маалымкатты көрсөткөн адамдар.
Ал эми Орусияда жүргүнчүлөрдө поездге отуруу үчүн COVID боюнча тапшырган тест жана оору чыккан жок деген жыйынтыгын көрсөткөн документи же "Путешествую без COVID – 19" мобилдик тиркемеси болуусу шарт.