Кыргыз спортчуларын колдоп келген "Bigser Sport" мода үйүнүн жетекчиси сыйланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов спорт кийимдерин өндүргөн "Bigser Sport" ишканасында болду.
Министрликтен белгилешкендей, Жаманкулов өндүрүштүк мекеменин ичинде концепцияны түзүү жана дизайнды иштеп чыгуу, акыркы технологияларды жана заманбап жабдууларды колдонуу менен өндүрүш, продуктунун позициясын аныктоо үчүн толук маркетинг пакеттери менен таанышып чыкты.
Тааныштырууну "Bigser Sport" спорт мода үйүнүн негиздөөчүсү Сергей Быковский өзү жүргүздү. Азамат Жаманкулов учурда мекеме тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттерге жогору баа берип, айрыкча кыргыз спортчуларынын эл аралык аренада жана спорттук мелдештерде ар убак колдоп, көмөктөшүп жаткандыгын баса белгилеп, министрликтин "Ардак грамотасын" тапшырды.
Bigser Sport - 31 жылдык тарыхы бар спорттук кийимдердин жана бут кийимдердин бренди болуп саналат.
Учурда мекеменин жеке өндүрүштүк базасы, дизайн бөлүмү, чекене онлайн дүкөндөр тармагы, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жана чет өлкөлөрдө компаниянын өкүлдөрү бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан