реклама
super.kg logo

"Мугалим жоопкерчиликке тартылышы керек". Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузактагы окуя боюнча билдирүү жасады

 
Сузакта мугалим мектеп окуучусуна кол көтөргөндүгү боюнча акыйкатчы Атыр Абдырахматова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө ал учурда Азербайжанда экенин айтып, бул окуя боюнча толук кабардар экенин белгиледи.
Урматтуу туугандар, элим качан токтолобуз? Жаш бала, кичинекейлерибиз, өспүрүмдөр буюм эмес, мал эмес, жеке менчик эмес, мүлк эмес. Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!
Кордукта, укуктары чектеп тебелеп чоңойгон балдарыбыз кайтадан алсыз, умтулуусуз коом катмарын толуктайт, көздөрүндө, ойлорунда кыял, үмүт жок, адилетсиздиктин туңгуюгу гана болот.
Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы тууралуу коллегаларым мектеп директору, кыздын ата-энеси, райондук милиция менен байланышка чыгып маалымат топтошту. Эртең райондон текшерүү барат экен.
Мен Азербайжандамын, видеону толук көрдүм. Бардык тараптын маалыматын алдым. Ошондуктан орун басардын колу менен эртең Акыйкатчыдан талап жөнөтүлөт. Мугалим жоопкерчиликке тартылыш керек. Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер - коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор", - деп жазды ал.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду.



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
26.05.2022. 10:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
13-12-2010
Соӊку аракети:
07-07-2022 17:55
Жынысы:
Белгисиз
+14
Саламатсыздарбы мугалимдерди эле басынта бербей каяша айтып жаткан окуучуну жана аны тарбиялап остургон ата энесине да чара корулуш керек го.Ушинтип балдарды бополоп оз билгендерин суйлото берсек келечегибиз эмне болот анда?
26.05.2022. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
07-07-2022 17:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Дубай
+14
Окуучу окуучудай болуш керек. Видеону маани берип корсонор окуучу кыз урганга жеткирди. Неге эжеке менен айтышат? Бир класс окуучунун алдында эжекеда намыстанатда айтышып каяша суйлосо. Ата энесине наалат ушул кызды тарбиялаган.
26.05.2022. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
07-01-2011
Соӊку аракети:
07-07-2022 17:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
алай
+14
Мугалимди бомж деп айтыптыр. Ошого ататнен менен келип кечирим сура дептир.
26.05.2022. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:38
Жынысы:
Белгисиз
-7
sardaralay,Айткан кундо да урганга акысы жок. Ал жонунд директорго же ата-энесине айтсын.
27.05.2022. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
898
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Taalaibek.,Сени көрөт элем,ошол мугалимдин ордунда болгондо.Мугалим сабырдуу экен дагы
26.05.2022. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
20-12-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мугалимдерге даңк. Атыр Абдрахмановага дагы өзүнүн кызы менен тең кыз ушундай айтышып жатса эмне кылмак экен
26.05.2022. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:38
Жынысы:
Белгисиз
-6
Толгу менен кошулам!
26.05.2022. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
05-07-2022 21:09
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кыз чоңойгондо күйөөсү, кайын журттун мээсине чай кайнатат го. Бирок мугалимдер да токтоорок,сабырдуу болуш керек. Нерви жука болсо башка кесип тандаш керек.
26.05.2022. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
01-09-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 16:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aimani,Тооба кылдым,бирок туура.
Турмуштан тилинин артынан,ордун таппай төркүнүнө кайра-кайра келгенде аттиң дешет ата-эне.
26.05.2022. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
22-11-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурда окуучуну мугалим тарбиялайт эле.Азыр окуучу мугалимди тарбиялап коюп жатат.
26.05.2022. 12:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
01-09-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 16:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Илгери эти сеники,сөөгү меники деп тапшырган балдарын окутуп тарбиялаш үчүн.
Бул сөздүн мааниси чоң.
Азыр чекеден кыйынбыз,менсинбей баратабыз.
26.05.2022. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыйкатчы калыс карабайбы. Эмнеге мугалим эле куноолуу болуш керек?Аркы тили буудай кууруган тил азарга да чара коруш керек. Окуучулар атайын уюштурган бул ишти, мугалимди чегине жеткиришип, уялбай телефонго тартышып, кулуп отурушат. Жаш эле туруп элдин назарына калбаса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: