реклама
super.kg logo

"Мугалимдин кызы менен окуучу кыз урушуп кетишкен". ИИМ Сузактагы окуянын чоо-жайын айтты

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болгон. Бүгүн, 26-майда ИИМдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча маалымат берди.

"2022-жылдын 25-май күнү Facebook социалдык тармагына Сузак районунда жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видео тараган. 25-май күнү аталган факты Сузак РИИБде маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөн. Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгон. Аталган окуу жайдын 7-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Д.Х.ны информатика сабагынын мугалими Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган.

Окуя боюнча мугалим суракка алынганда 23-май күнү саат 12:00дө сабак учурунда окуучу кыз менен мугалимдин кызы 7-классынын окуучусу 2009-жылы туулган К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кетишкен. Аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин, окуучу Д.Х. мугалимге орой сүйлөгөндүктөн ачууга алдырып аны бети-башына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жиберген болчумун деп көрсөтмө берген.

Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видео алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин окуучу мугалимге жаман сөздөрдү айтып, аны менен кайым айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган. Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында Д.Х. денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
26.05.2022. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
22-11-2021
Соӊку аракети:
05-07-2022 06:27
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мугалим менен тен айтышып анан ПОШЁЛ ТЫ деп мугалимди сенсиреп жатса,МУГАЛИМ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК?
26.05.2022. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
05-07-2022 15:04
Жынысы:
Белгисиз
-6
Toxa76, завуч директор го учосковойго айтыш керек оз алдынча урууга укугу жок
26.05.2022. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+6
Danysh1, окуучулар мугалимдерди ашатып сокконго акысы бар да, мугалимдин кол которгонго укугу жокпу не, манкурт?!

Кочодо сени бири ашатып соксо, унчукпай отуп кетесинби не?
26.05.2022. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-06-2021
Соӊку аракети:
05-07-2022 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+7
Danysh1,бул жерде отуруп эстуу боло бересинда. Чындап келгенде, сени дагы кипкиченекей бала кичине согуп койсунчу, ордунда балчылдатып урмаксын
26.05.2022. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
07-01-2011
Соӊку аракети:
05-07-2022 12:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
алай
+8
эхххх...мугалимдерге эле кыйын болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: