Гүлшан Молдоева: "Бактыбек Мамытов көпкө чейин кол булгап карап турду. Көрсө, акыркы коштошуубуз ошол экен"

20-майда Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Маркумду 44 жыл бою чогуу иштеген кесиптеши Гүлшан Молдоева SUPER.KG порталына берген маегинде төмөндөгүдөй эскерди.

"Бактыбек байке менен биз 1978-жылдан тарта иштеп баштадык. Студент кезимден бери эле теле-радио тармагына аралашып баштадым. Бактыбек байке бул телеге менден 4 жыл мурда келген. Андан кийин мен кастинг аркылуу өтүп келип калдым. Эң алгач "Бактыбек менен эфирге чыгасың" дегенде менден бактылуу киши жок болгон. Ал кезде дээрлик бардык көрсөтүүлөр дикторлордун моюнунда болчу. Ошентип ийиндеш-үзөңгүлөш болуп иштеп баштадык. Телевидениедеги эң оор, эң кыйын учурду биз басып өттүк десем жаңылбайм. Себеби, ал кезде техника жетишсиз, студия жок. Күндүр-түндүр иштеп, кээде уктабай калган күндөр да болду. Ошолордун бирине да кабак-кашым дебей кесипти сүйгөн үчүн өмүрүнүн аягына чейин иштеди.

Кээде түйүнчөгүбүздү түйүп, кетебиз деген учурлар дагы болду. Жетекчилик: "Кетем дегенден уялган жоксуңбу? Силерди деген эл күтүп жатат, сагынып жатат!" дегенде, "Ай, Гүлшан ушунча чыдадык мындан аркысына деле чыдайбыз. Жумушубуз балабыздай эле болуп калды. Ушуну таштап кетип кайсы жерди барып жыргатат элек, баары бир сагынабыз да" десе ойлонуп калчумун.

Жумушун ушунчалык сүйдү. Каза болордон 15-20 күн мурда эле ооруганына карабай жумушка келип 2 чыгарылышты окуп берип кетти эле. 44 жыл оңой айтылганы менен эмне деген убакыт? 44 жыл бою чогуу иштеп, бирөөгө бир катуу сүйлөгөнүн көргөн жокмун. Бактыбек байке миңдин бири эмес, миллиондун бири болчу! Экөөбүз ар дайым чогуу жүргөндүктөн көрүүчүлөр бизди үй-бүлө, түгөйлөр деп билишчү. Акыркы жолу көрүшкөнүбүздө каза болоруна 4-5 күн калганда радионун 90 жылдыгы болду. "Бактыбек байке ишин эң алгач радиодон баштаган, куттуктабасак болбойт" деп Чыңгыз Мырзаев, Гүлсина Чотонова болуп бир жерге барып чер жазышып, отуруп келели деп, чогулуп Бакени (ред.: Бактыбек Мамытов) дагы алып келдик. Биз менен төрт сааттай отурду. Жамиля эже (жубайы) "силерди укканда кадимкидей сүйүндү" дейт. Кеткиси келген жок. Ар бирибизге жакшы сөздөрүн айтты. "Гүлшан, сен күчтүү аялсың! Сен баарын жеңе билесиң. Ушунуңдан жазба!" деди. Чыңгыз Мырзаевге: "Сени баарыбыз жакшы көрөбүз. Сен таалим-тарбия алган, тектүү жердин баласысың. Балабыздай эле болуп калдың. Сага да жакшы чыгармачылык ийгиликтер болсун" деди. Гүлсина Чотоновага: "Сен таланттуусуң. Бул талантыңды эч качан таштаба! Өнүктүр-өстүр! Мен силерин баарыңарды жакшы көрөм. Баарыңар менин жүрөгүмдүн бир бурчундасыңар" деди. Андан соң үйүнө жеткирип барганыбызда, биз менен коштошуп, көпкө чейин кол булгап бизди карап, узатып турду. Жүрөгүбүз эзилип кетти. Акыркы коштошуубуз көрсө ошол экен", - деп көзүнө жаш алды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан