Чоң-Алайда Volvo унаасындагы контейнер Hyundai Porter'дин үстүнө кулап, 6 жана 4 жаштагы балдар каза болду

Чоң-Алай районундагы Ош - Сары-Таш - Карамык унаа жолунда оор жүк ташуучу унаадагы контейнер Hyundai Porter унаасынын үстүнө кулап, эки жаш бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кырсык унаа жолдун 66-чакырымында (Каздын тумшугу тилкеси) катталган. Анда Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичиндеги контейнер карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 жаш бала, 2018-жылы туулган А.Б. "Тез жардам" кызматынын унаасында, 2016-жылы туулган А.А. жеринде каза болгон. 1986-жылы туулган дагы бир эркек киши каза болуп, 1993-жылы туулган Н.Э аттуу жаран жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан