Балыкчыда 4 чакырымга чукул темир жол мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында узундугу 3800 метр болгон темир жол мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүдө Балыкчы шаарындагы "Ысык-Көлоблкурулушматериалдары" ЖАК заводунун жана "Рыбачье" станциясынын аймагында жайгашкан узундугу 3800 метрди түзгөн бириктирүүчү темир жол бар экендиги, бул жолго карата "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде жана Балыкчы шаардык мэриясында менчик ээлери катталбагандыгы аныкталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында, прокурордук чара көрүү актысы менен жалпы баасы 75 миллион 84 миң сомду түзгөн жогоруда аталган темир жолдор мамлекеттин менчигине алынып, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан