Эртең, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу Бишкектеги айрым көчөлөрү убактылуу жабылат дешет милициянын кайгуул кызматынан.
- Кең Чүй көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ю.Абдрахманов көчөсү Чүй көчөсүнөн М.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү Ю.Абдрахманов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.
"Ошондой эле өткөрүлүүчү майрамдык иш-чарага байланыштуу борбордук жана эски аянттар саат 07:00дөн тартып 12:00гө чейин жабык болот.
Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жабылуучу көчөлөрдү эске алып, маршруттук кыймылды алдын ала пландоо менен кошумча башка жолдор менен жүрүп турууну сунуштайт", - дешет маалымат кызматынан.