Токмок шаарындагы №24 бала бакчанын имараты өкмөткө кайтарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда ижарага берилген имарат министрлер кабинетинин токтому менен мэриянын балансына кайтарылган.
Жакынкы арада аталган имаратта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалууда.