Бишкекте өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Тажикстандын эң негизги атаандашы учурда Мьянма курама командасы. Бул тууралуу Тажикстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Пётр Сегрт бүгүн, 7-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.
"Биздин эң негизги атаандашыбыз бул алдыдагы командабыз. Азыркы учурда бул Мьянма. Мен алысты карабайм. Биз эртеңки оюндарга гана даярданабыз", - деди ал.
Белгилей кетсек, эртең, 8-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстан Мьянма курамасы менен ойносо, Кыргызстан Сингапур менен ойнойт.