Эдил Байсалов митингге чыккан майыптар менен жолукту

Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар турак жай маселесин чечип берүүнү президент Садыр Жапаровдон талап кылышып, нааразычылык акциясына чыгышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов нааразычылык акциясына чыккандардын алдына чыгып, турак жай менен камсыздоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Азыр ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп жатат. Биз министрлер кабинетине келгенибизде социалдык турак жай деген түшүнүктүн өзү да турак жай кодексинде, эч кандай планда жана жободо жок экендигин аныктадык. Жөн эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энеси жок балдарды унутуп коюшту. Мамлекеттин азыркы жетекчилиги биздин алдыбызга муктаж болгондорго кайрымдуулук катары маал-маалы менен эмес, системалуу түрдө турак жай менен камсыз кылуу милдетин коюп жатат.

Бул эң маанилүү артыкчылыктардын бири. Бирок маселе, албетте, мыйзамдарда жана саясий эркте гана эмес, мамлекеттин каражаты болушу маанилүү. Ошондуктан салыктарды жана төлөмдөрдү толук чогултуу абдан маанилүү. Бул акча атайын элге, медицинага, билим берүүгө, социалдык муктаждыктарга, анын ичинде турак жайга кетет", - деди Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан