Эл аралык турнирде ИИМдин Ички аскерлери 1-орунду багындырды









Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирде ИИМдин Ички аскерлеринин №714 аскер бөлүгү 1-орунду багындырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-19-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Мен патриот” аталышындагы Аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өттү. Эл аралык турнир Баткендеги чек ара окуяларында курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган.
Спорттук иш-чарага Орусия, Казакстан, Өзбекстан баштаган бир катар мамлекеттерден спортчулар келген. Ага ИИМдин Ички аскерлеринин №714 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары дагы катышып, спорттогу тажрыйбалуулугу менен мыкты көрсөткүчтөргө жетишишип, командалык эсеп менен 1-орунду багындырышты.
1-орунду:
- 60 килограмм салмак категориясы - сержант М.Черикбаев;
- 65 килограмм салмак категориясы - улук лейтенант О.Аширбеков;
- 80 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Б.Мукашев ээледи.
2-орунду:
70 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Толок уулу А.
3-орунду:
- 70 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Суеркул уулу А;
- 75 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Торобек уулу У;
- 90 килограмм салмак категориясы - кенже сержант Сайырбек уулу К. ээледи.
Ошондой эле мелдештин мыкты машыктыруучусу грамотасы менен капитан А.Темиралиев, аскердик кармашып урушууда мыкты техниканы көрсөткөндүгү үчүн грамотасы менен улук лейтенант Рахатбек уулу А. сыйланды.

