Кыргыз жарандарын Улуу Британияда ишке орноштуруу маселелери талкууланды

Бүгүн, 20-июнда Бишкекте эки тараптуу кызматташуу боюнча биринчи кыргыз-британ ТИМдер аралык консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, кыргыз делегациясын ТИМдин үчүнчү саясий департаментинин директору Руслан Бекболотов жетектесе, британ тарапты Британия ТИМинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин директору Мартин Харрис жетектеп келди.

Тараптар 12-июнда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун белгилешти.

"Эки тарап парламенттер аралык кызматташтыкты жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын парламенттик достук топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Ошондой эле ушул жылы Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форумун уюштуруу. Британ тараптын Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо долбоорлорун ишке ашыруу, Кыргызстандын ишкерлерин продукциянын сапаты, сертификациялоо, продукцияны жаңы рынокторго илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу тармактарда окутуу маселелерин талкуулашты.

Эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттары катары айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм белгиленди", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары консультациялардын жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты, өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

"Тараптар ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен «Agri-HR» Британия компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргыз жарандарын Улуу Британияда ишке орноштуруу маселелерин карашты.

Кыргыз тарап британ тарапка Кыргыз жарандарынын британ визасын алуу маселесин жеңилдетүү максатында Бишкек шаарында Улуу Британиянын виза алуу борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан