Беларуста Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Беларусь Республикасына жумушчу сапары менен барды. Бул туурасында бүгүн, 20-июнда министрлер кабинетинен кабарлашты.

Эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

"Акылбек Жапаров ошондой эле Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышат, "Великий камень" Кытай-Беларусь индустриалдык паркына барат, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан