реклама
super.kg logo

Эртең учуп кетишет. Өзгөндүн тургундары Түштүк Кореяга жумушка орношот

 

Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары Корея Республикасында сезондук айыл чарба иштерине 5 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 21-апрелинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору Корея Республикасына айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга Кыргыз жарандарын ишке орноштуруу жөнүндө келишим түзгөн. Ага ылайык, Корея Республикасынын Хамянг шаарынын мэриясы жана Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясы ортосунда кол коюлган.

"Өзгөн районунун администрациясы Хамянг шаарынын талаптарына ылайык тандоо жүргүздү. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Өзгөн районунун 62 тургуну тандалып, министирликтин борборунун көмөгү менен эмгек визалары алынды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 20-июнда Өзгөн районунун тандалган тургундарын Корея Республикасына жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Жарандар 21-июнда Бишкек-Инчхон маршруту боюнча чартердик рейс менен учуп кетет", - дешти министрликтен.

Кыргыз Республикасынын башка облустарынын жана райондорунун жашоочулары үчүн ушундай эле макулдашууларды түзүү максатында министрликтин борбору Корея Республикасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча ишин улантууда.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
20.06.2022. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
656
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
05-07-2022 21:19
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы, кандай документтер керектелет, кайсыл жака кайрылыш керек? Бир эле Корея эмес эвропанын бир нече өлкөсүнө кимге кайрылып кенеш алса болот. Ушул боюнча да маалымат бере кетсеңиздер
21.06.2022. 04:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
459
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
06-07-2022 23:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
-1
Nursul, мен учурда Европада иштеп жүрөм водитель боюнча мага кайрылсанар болот, маалымат бере алам
21.06.2022. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
656
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
05-07-2022 21:19
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit.paren, Европанын кайсыл өлкөсүндө иштеп жүрөсүңөр? Кайрылтпай эле кенеш катары жазып койсонуз жакшы болмок. Такси же долнобойшик айырмасы жок вадител боюнча маалымат бере алам дептирсиз .
20.06.2022. 23:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 09:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун жанылык молодцы! Садыр Жапаров азаматсыз, туугандар президенттибиз чынында жакшы иштеп жатат коз тийбесин. Ишинизге ийгилик урматтуу президентибиз.
21.06.2022. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
0
my_Opinion, кемакыл жугундукор. Тилин менен пахта коесун го чиркин, кочугуно......

Элди тентитип жатканына Садыр авана рахмат айткан бир келесоо экенсин. Ошол мигранттарды тентитпей Кыргызстанда ондоп жуздоп завод-фабрикаларды ачып, жумуш орундарын тузуп, 8 сааттан жумуш убактысы, ошол чет жактагыдай маяна кылып койсо ошондо мактасан болмок. Анда бут баарыбыз чын дилден ыраазы болмокпуз Садыр авана.
21.06.2022. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
0
my_Opinion, Анан мигранттарды тентитип, завод-фабрика куруунун ордуна казино курдуруп жатса мактайсын кемчонтой Садыр шефинди..... Же жугунду берип турса эле эсеппи?
21.06.2022. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
361
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
07-07-2022 16:20
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal10, анда сен президент бол дагы, тентиген элди чогултуп кой да. Кыйын болсон. Канчалаган жанылануу, канчалаган жылыштар болуп жатат, корбогон кор окшойсун.
21.06.2022. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaynak, жанылануу дейсинби? Майлуу-суттуу орундарда АША менен Сокеге караштуулар кетип, Саке менен Ташиге караштуулар келди. Мына жанылануу. Тарыхый баалуулуктар тизмесиндеги Ак кеме мейманканасы бузулуп, ошол жерге жаны имарат куруп бере тургандарга баасы миллиондорду чапчыган 16 гектар жер бериле турган болду. Коомчулук канчалык каршы болсо да олкодо казинолор ачылып, арам акча табууга кадам ташталды. Сенин айткын келген жанылануу, жылыштар мына ошолор болсо керек.
21.06.2022. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaynak, Же Окмот 20-30 завод-фабрика куруп койдубу не? Мисалы олкодо ондогон жуздогон алтын кенинде алтын-кумуш казылып тышка ташылып жатат. Мына ошонун баарын Окмот озу каздырып, озу козомолдосо, жылына ондогон миллиард доллар акча тушуп турмак. Кумторду алабыз деп Центерранын пайдасына чечилди, ошончо уулуу калдыкты Жапаров мурас алып, Центеррага дообуз жок деп. Маскарачылык.
21.06.2022. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaynak, олконун тундугуно да, туштугуно да текстил фабрикаларын курса болот, чачыранды цехтер азаймак. Олкодо кунуно жуздоп миндеп мал, кой союлат, териси ыргытылат. Европа ж.б. жакта таза, натуралдык териге жетпей журот, а бизде тери да, койдун жуну да кор. Олкодо булгаары иштетуучу, андан ары бут кийим, сумка тигуучу фабрикаларды курса болот. Кызылча озубуздо ондурулуп, анын бир болугун Казахстанга сатабыз да, Кытайдан шекер сатып алабыз. Мына ошону жонго салуу керек.
21.06.2022. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1518
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 00:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaynak, Курулуш материалдары, жер семирткич чыгаруучу, пахтаны кайра иштетуучу ж.б. ж.б. завод фабрикаларды курса, ар бир завод фабрикада 200дон 2000ге чейин жумуш орду тузулот. Окмот кеминде 100-200 мин мигрантка жумуш ордун тузуп берчу потенциалга ээ. Бирок ошону кылуунун ордуна каяктагы асман шаар, казинолорду дооруп отурат бийлик, арам акча аш боло тургансып. Олкодогу алтын-кумушту уурдатпай, ошонун акчасына ар жылы 5-10дон завод фабрика курдурууга мумкунчулук бар.
21.06.2022. 08:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
18-09-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 16:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз дагы барсак болот бекен малымат алсак болобу
21.06.2022. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
498
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
21-06-2022 13:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын жузундогу кубанычты коруп туруп суйуносун. Бирок ошол эле мезгилде чет жерге кара жумушка кетип атканына куйуносун. Арасында менин эжем журот, суйунучу жузуно чыгып калган. Жузунордогу жылмаюу кайтканынарда мындан да жакшы болсун. Жакшы барып, эсен-аман мекенинерге кайтып келгиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: