реклама
super.kg logo

Аскар Акаев "Жоогазын революциясынын" авторун атады

 

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев "Жоогазын революциясын" АКШ уюштурган мамлекеттик төңкөрүш деп атады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ал Казакстан өлкөсүнүн чакыруусу менен Алматыдагы "Өзгөрүүлөр доорунда жашоо" аталышындагы интеллектуалдык иш-чарада 2005-жылдагы Кыргызстандагы төңкөрүштү АКШ уюштурганын айтты.

Ошондой эле ал 1990-жылдары Кыргызстандын өнүгүү темпи жакшы болгонун, ал эми көйгөйлөр 2000-жылдары жаралганын белгиледи.

"Мен бул тууралуу ачык айтып жатам. АКШнын элчиси Янг мырза айрыкча Грузия менен Украинадагы революциядан кийин мамлекеттик төңкөрүштү АКШ уюштурганын ачык айтты. Балким, мен кетип жатып ката кылгандырмын. Көпчүлүгү бул жакта калуу керектигин айтышат. Бирок мен өзүмдүн атымды кандуу окуя менен байланыштыра албайм деп чечтим. Өлкөдөн кетүүнү чечтим жана буга өкүнбөйм", - деп билдирген Акаев.

Белгилей кетсек, бир күн мурун Аскар Акаев Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушууга жетишкен.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
21.06.2022. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
526
Катталган:
07-05-2020
Соӊку аракети:
06-07-2022 17:34
Жынысы:
Белгисиз
+14
Не дейбиз орустун суусун ичип тузун жегенден кийин орустун сөзүн сүйлөйт да любой эле адам! Бул дагы Американы душман катары көрө баштаптыр, эмнеден улам кеткенин өзү билбесе да Аксылыктар унутпайт кантип революция башталганын жана кантип кеткенин! Америка тут не причем!
21.06.2022. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
06-07-2022 18:34
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыргыздын ырыскысын кырып анан эл көтөрүлүшкө чыкканын эч ким унутпайт болуш керек. Ушинтип элдин баары тентип, Казака кул болуп жүргөн учурлардын бирден бир күнөөкөрү ушул кишинин башкаруусу маалында болду окшойт. Дагы күнөөнү башкадан издеп койгон бир адепсиз турбайбы!
21.06.2022. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
11-09-2021
Соӊку аракети:
06-07-2022 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аскар Акаев как профессор болуп эле журо бериш керек эле Кыргызстандын тарыхында маанилуу мезгилде жакшы башкарып Кыргызстанды жакшы жолго баштай албадыныз элден кечирим сураштын ордуна айткан созун кара мунун тунгуюкка коздоп кетип жаткан жоогазын революциясын Эл жасады бул тарых беттеринен очпойт
21.06.2022. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
19-05-2020
Соӊку аракети:
06-07-2022 08:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул киши менен тен президент болгон башка мамлекеттин башчылары мамлекетин кандай даражага которуп койду. А бул болсо не кылды. Эгер жакшы иштеп турса, америка митинг уйуштурмак тугул ар бир кыргызды бирден атса да эч ким которулмок эмес.
muku.85 түзөттү 2022-06-21 16:03:03
21.06.2022. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
06-07-2022 18:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
+1
Кыргыздын каргышы Силерге. Уурдаган мал мулкун Урпагына, Озуно буйурбасын. Кыргыздын Асыл инсандарын олтурдун аны ордуна уй булондон бирден алат. Жаратуучу!
21.06.2022. 18:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
06-07-2022 18:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
bosmos77777,эң туура каргышка калды!
21.06.2022. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
377
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
06-07-2022 00:32
Жынысы:
Белгисиз
-9
Акаев жакшы иштеген. Акаевди кыргызстанга алып келип иштетип пайдаланып калыш керек. Акаевди, Бакиевди мекенине алып келип урматтап баркташыбыз керек. Булар биздин тунгуч президентерибиз. Калган президенттер эле жыргатып жатат дейсинерби? Мурункуларды урматтабасак, кийинкилер эч качан урматталбайт. Атамбаевдин дагы жакшы жактары коп. Бийликте турганда пахта коюп, кеткенден кийин жамандай турган адаттарыбызды ташташыбыз керек. Алдыга карай умтулмайынча онукпойбуз. Ар бир адамдын жакшы жактары бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192778;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: