реклама
super.kg logo

Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгаруу боюнча комиссиянын алгачкы кеңешмеси өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоонун координациялык жана процедуралык эрежелери, документтерди кабыл алуу жана кароо тартиби талкууланды.

Комиссиянын кеңешмесинде каралган бардык маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы таланттуу жаштардын чет өлкөдөн билим алууга мотивациясын колдоо жана жогорулатуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында түзүлгөн.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192778;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: