реклама
super.kg logo

"Эне үчүн мындан өткөн арман болбос". Айчүрөк Иманалиева уулун эскерип, билдирүү жазды

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.

Анда ал эне үчүн мындан өткөн арман болбостугун айткан.

"Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос. Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жараткан сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим.

Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор... Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам", - деп жазган Иманалиева.

Белгилей кетсек, Арген Иманалиев 35 жашында дүйнөдөн кайтты.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.06.2022. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сабыр берсин...
22.06.2022. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1569
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сабыр кылыңыз өтө оор жоготуу

Уулуңуздун арбагына багыштап көп көп дуба кылыңыз кайрымдуулук иштерин көп жасаңыз. Ошолордун сообун уулунузга арнаңыз
22.06.2022. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
07-01-2011
Соӊку аракети:
07-07-2022 12:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
алай
+2
иии десе ((
22.06.2022. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
20-09-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыретте баарыбыз Аллах таалага кайтабыз.
22.06.2022. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
28-05-2021
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабыр кылыңыз Айчүрөк эже баланы жерге берүү канчалык оор экенин башынан өткөн адам гана сезе алат. Мен да 4 жаштагы кызымды жер койнуна тапшырып сыздап жүргөн кезим. Өтө оор сокку болот экен. Аллахым бейишин берсин билип-билбей жасаган ката күнөөлөрүн Аллахым өзү кечирсин
22.06.2022. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
801
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 09:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazir1989,Сабыр кылыныз,балапаныныз бейиште...(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: