реклама
super.kg logo

Садыр Жапаров ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөт башчыларынын чабал ишинин айрым учурларына токтолду

 

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдери менен тапшырмаларынын жер-жерлерде ишке ашырылуусунун жүрүшү каралды. Ошондой эле региондор алдында турган тапшырмалар менен жакынкы мезгилдеги пландары, жер-жерлердеги тезинен чечүүнү талап калган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы аткаруу тартиби аксап жатканын белгилеп, конкреттүү багыттар боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын чабал ишинин айрым учурларына токтолду.

Садыр Жапаров ошондой эле жер-жерлерде туризм чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү жана уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликсиз ишине жол берилбесин белгилеп, борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде күндөлүк турмушуна зарыл маселелерин ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192581;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: