реклама
super.kg logo

Нарында катуу сабалган баланын ишин ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алды

 

Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова Нарын облусунда карындашын коргойм деп катуу сабалган жигиттин ишин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алуусу керектигин айтып, кайрылуу жолдогон.

ИИМдин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына катуу сабалган жигиттин окуясы ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө экендигин маалымдашты.

"Ички иштер министри Улан Ниязбеков жабырлануучу балага карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырып, иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды.

Бул факты тыкыр иликтенип, шектүүлөр мыйзам чегинде татыктуу жазаларын алышат.

Бул факты Нарын РИИБинин тергөө кызматында Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 22-июнь күнү кошумча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192581;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: