"Кумтөргө" барууну каалагандар үчүн экскурсия уюштурула баштайт
"Кумтөр" алтын кенине барууну каалагандар үчүн экскурсия уюштурулуп баштайт. Бул туурасында маалымат жыйында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова билдирди.
Ал билдиргендей, бир күндүк экскурсиянын наркы болжолдуу 500 долларды түзөт.
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги менен кенге экскурсияга барууга келишим түзөбүз. Демек, эми каалоочулар "Кумтөргө" барып, ал жактагы иштер менен тааныша алат. Бул өндүрүштүк туризм деп аталат. Бир күндүк турдун болжолдуу баасы 500 доллар болот. Мисалы, жума күнү Барскоон капчыгайына жакын жерде чогулуп, медициналык кароодон өтүп, андан кийин кенге баруу. Кечинде кайтуу сыяктуу", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:9
2022-07-06

17:27
2022-07-06
14:59
2022-07-06
Рейтинг:
0

Бул карапайым элдин канын сорот го. 40 сом десе болмок го.