Бишкекте 1-класска бара турган балдар үчүн канча бош орун бар? Мэриянын жообу
Бишкекте 1-класска бара турган балдар үчүн мектепте орундар жетиштүү. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Данияр Абдуазизов маалымат жыйында билдирди.
Анда Абдуазизов шаардагы мектептерде 1-класстар үчүн 17 миң орун каралганын,11-апрелдеги электрондук каттоонун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча 5 миң орун гана толтурулганын маалымдаган.
Ошондой эле ал учурда 12 миң бош орун бар экенин жана 27-июнда мектептерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк болорун билдирген.
Белгилей кетсек, 27-июнь күнү саат 09:00дө 1-класска бара турган балдарды каттоонун экинчи этабы башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2022-07-06
14:59
2022-07-06
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.