Түркияда каза болгон кыргыз келиндин сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда
Түркиянын Гиресун провинциясынын токоюнан кыргызстандык аялдын жансыз денеси табылганы кабарланган. Бүгүн, 23-июнда Тышкы иштер министрлиги бул окуяны көзөмөлгө алганын маалымдады.
Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, 21-июнга караган түнү Гиресун провинциясынын токоюнан жансыз денеси табылган келин 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. экени аныкталды. Ал зомбулуктан каза болгон. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелип эки Түрк жараны кармалды.
Башкы консулдук тарабынан "Жүк-200дү" Кыргызстанга жөнөтүү маселеси иштелип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:9
2022-07-06

17:27
2022-07-06
14:59
2022-07-06
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.