"Колуңардан келбейт!". Сапар Исаков министрлер кабинетинин төрагасынын айткандарына жооп берди

"Жогорку Кеңеште Матраимовдорго жана башка ууруларга мыйзамсыз тапкан акчаларын жана турак жайларын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк түзө турган шерменде мыйзам долбоору талкууланууда. Муну менен бирге парламентте Матраимовдун көздөй кишисинин шыкактоосу менен менин Москвада кайсы бир ресторанды куруп жатканым туурасындагы ушак-кепти кошо талкуулай башташты. Акылбек Жапаров болсо мага карата чыккан соттук чечимдерди эске салууда, кыязы, мени да кандайдыр бир мүлктү мыйзамдаштырып алат деп абдан кабатыр болуп жатса керек. Мен Акылбек Жапаровдун көңүлүн тынчытып коёюн, мага силердин мыйзамыңарды колдонуунун кажети жок, анткени менде рестораным, медициналык клиникаларым же базарларым эч качан болгон эмес, андай мүлкүм дегеле жок. Колуңардан келсе, менин бизнесимди таап, элге көрсөткүлө! Андай колуңардан келбейт, анткени андай бизнесим жок, бир сом да уурдаган эмесмин.
Бир кезде менин "байлыгымды" издеп абдан аракет кылган Сооронбай Жээнбеков да таба алган эмес, УКМКнын кызматкерлери ошол кезде алтургай чет өлкөлөрдөн да издешкен, ар кайсы өлкөлөргө суроо-талап жөнөтүшкөнү менен эч нерсе таба алышкан эмес! Ал эми Акылбек Жапаровдун канча мейманканалары, үйлөрү жана башка байлыктары бар экенин бүт өлкө билет. Башкасын айтпаганда да, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам кайсы акчасына менчик мейманкана курууга жетишкен?
Мен азыр сотко бара албайм, анткени сот адилет боло албайт. УКМКнын СИЗОсундагы кечээги өлүмдөрдөн кийин менин эмне үчүн сотко бара албай турганымды ар бир адам түшүнөт деп ойлойм. Бирок мен өлкөдө эмне болуп жатканына көз салып турам. Эмне болуп жатканын эл да байкап турат. Чыныгы уурулар мыйзам алдында жооп бере турган мезгил, албетте, келет, жакынкы күндөрү.
Ошол себептен урматтуу бийлик, элибиздин башын айлантып, калп маалыматтарды бербей такталган маалыматтарды таратып, колуңардан келген ишти айткыла мага асылбай", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2022-07-07
12:10
2022-07-07
Рейтинг:
1

Комментарийлер(13)
Azat-123

23.06.2022. 20:06
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:10
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кычкач 600$
Asmat84

23.06.2022. 20:20
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1569
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+14
Акылбек Жапаров өзү таза болгондо бул сөздөр айтылбайт эле эң чоң ууру эң чоң коррупционер Акыл Жапаров
portugalia

23.06.2022. 20:26
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
510
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+10
Мамлекеттик кызматта иштеп,байыгандарды жек көрөм.Сен да уурусун!Кыргызстанга кыянат кылгандар элдин назарынан корккула!
Zynk

23.06.2022. 21:07
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
01-10-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 15:19
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кеминдеги контейнер менен тосулган алма бак акылбек жапаровтуку экен канчалаган гектар аны кайдан кантип алган азыр бир контейнер 2000 $элестеткиле
modem4999

23.06.2022. 21:40
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
996
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
07-07-2022 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+8
Zynk,машине менен журсон тугонбойт ал забор, мына ошондой киши бийликте отурат
Asmat84

23.06.2022. 23:01
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1569
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+7
Zynk, бул түлкүнүн билгенден биле элегибиз көп жеткен коррупционер ушул киши
ninja8282

23.06.2022. 22:26
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
14-09-2021
Соӊку аракети:
04-07-2022 12:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Сашка ото культурный жейт деп айтышчуу эле,бир эле мисал: музейди карап коргуло канчалаган евролорду жок кылган.
Fake

23.06.2022. 22:36
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
18-08-2019
Соӊку аракети:
06-07-2022 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ууру олгончо жеп, тойгончо карганат. Карапайым элдин эсинен чыга элексинер.
nazira...

23.06.2022. 23:39
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
06-07-2022 21:32
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыз бозуп энесин коркутаттан болуп, жаман коркутуптур го Сапашыңар. Сен кечээки эле бала, бул түшпөс ханга тең келе албайсын. Өзүңдү акмын деп актанып атканыңбы, кыргызстанга келе албай. Сен да ушулардын бирөөсүсүн ошонуңду унутпа.
joke81kg

24.06.2022. 09:02
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
07-07-2022 14:53
Жынысы:
Белгисиз
0
600$кычкач музейдеги жыгач аттар 1илн200 мин сомдук бир стул 100мин сомдук сапардын маалындагы коррупция
sardaralay

24.06.2022. 10:40
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
07-01-2011
Соӊку аракети:
07-07-2022 12:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
алай
+1
качан онугобуз ?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.