Баткенде дубалда илинип турган килемди уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарынын 39 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал өзү жашаган короосунун тосмо дубалына илип койгон базар баасы 5 миң сомдук килемин уурдап кеткендерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрө баштаган.
Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын 43 жаштагы Т.А. аттуу тургуну килемди өзү жашаган үйүнө катып койгону аныкталган. Уурдалган килем өз ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.