Американын Нью-Жерси
шаарында эки ирет "дүйнөнүн эң түрү суук ити” наамын жеңген Элвуд ысымдуу ит каза
болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлайт.
Элвуддун ээси Карен
Куиглинин берген маалыматына караганда, 8 жыл жашаган Элвуд 28-ноябрь күнү каза
болгон. Анын өлүмүнүн себеби катары рак илдетин айтышууда. Кожоюну аны тогуз айлык кезинде багып алган. Элвуддун мурдагы ээси күчүктүн түрү суук болгондуктан туулар замат эле уктатып коюуга аракет
кылган. Ошондо күчүктү досу багып алган. Качан гана күчүк 9 айлык болгондо Карен Куигли өз колуна алган.
2007-жылы Элвуд Калифорнияда
өткөн “Дүйнөдөгү эң түрү суук ит” сынагына катышып, 1-орунду багынткан.
2008-жылы ал аталган сынакта экинчи ирет катышып, биринчиликти берген эмес. Бул сынактан кийин Элвуддун күйөрмандары пайда болуп, анын ээси Карен
Куигли ити тууралуу жазылган “Элвудду баары сүйүшөт” аталыштагы китепти жарыкка
чыгарган.