Жапаров өлкө Кытайдын карызын төлөй албаса, бир катар объектилер сырткы башкарууга өтөрүн айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн тышкы жана ички карыздары жөнүндө маалымат берди.

"2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мунун ичинде 80 пайыздан ашыгы тышкы карыз.

Эмне үчүн биз бюджеттин консолидацияланган бөлүгүн 400-600 миллиард сомго жеткирели деп жатабыз? Анткени мамлекеттик карызды төлөөгө алдынкы 5 жылга катары менен 35 миллиард сомдон 50 миллиард сомдун тегерегинде каражат жумшап турушубуз керек. Анын ичинен 80-85 пайыз тышкы карыздын ичинен 50 пайыздан ашыгын Кытайдын Эксим банкына төлөйбүз. Ал каражатты кантип жана кайдан табабыз деп беш жыл катары менен ойлонушубуз керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албасак, Бишкек ЖЭБинин башкаруусу, Датка-Кеминдин башкаруусу, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолго болгон башкаруулар бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда, экспорт-импорттук банк кайсы башкаруу компанияны киргизсе ошого өтөт.

Ушундай фактылар Жакынкы Пакистан, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдө катталганын жакшы билесиздер. Ошондуктан биз карыздан кутулушубуз керек", - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан