Япониянын Хамура шаарында "Курманжан Датка" тасмасы көрсөтүлдү

Бүгүн, 30-июнда Япониянын Хамура шаарында «Курманжан Датка» көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулган.

Ага Хамура шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Хамура шаарынын жана Кыргызстандын достук жана ак ниет ыктыярдуу элчиси Мита Ре, элчиликтин достору, ошондой эле Кыргызстанга кызыгуу көрсөткөн шаар тургундары катышты.

"Элчи Мирлан Арстанбаев Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан