Төө-Ашуудагы тоннель 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылат

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чектөө күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу иштерине байланыштуу киргизилген. Ага ылайык, тоннелде 6-июлдан 8-июлга чейин маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

Кечээ, 5-июлда тоннелдин ичинде унаа бузулуп, күйүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө тоннель эки тарабынан убактылуу жабылган. Унаадагы өрткө байланыштуу тоннелде электр жарыгы өчүрүлүп, электр кабелинин бир бөлүгү күйүп кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан