Маршруттук таксиде жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөнгө шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул факты Октябрь РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоого багытталган бардык зарыл тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармактарда маршруттук таксиде эркек киши жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүп жаткан видео тараган. Аны көргөн жүргүнчү айым ыдык көрсөткөн кишини видеого тартууга аракет кылган.