Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле алдынкы мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз жоруктары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында, министрликтин кызмат адамдары чет өлкөлүктөр үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган. Тагыраагы ал орундарга Кыргыз жарандарын кабыл алып коюшкан.
"Гранттык орундарга ачык сынак жарыяланган эмес. Ошондой эле абитуриенттерди каттоо Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, аталган жогорку окуу жайдын тандоо системасы аркылуу бир күн ичинде жүргүзүлгөн. Бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле гранттык орундарга өткөн студенттердин Жалпы республикалык тестирлөөдөгү баллдары төмөн болгондугу айтылды.
Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.