реклама
super.kg logo
Кино

"Айылдан чыгып кетишсин, болду". Нарында топтошкон адамдарга ок атуу менен коштолгон жаңжалдын чоо-жайы айтылды

 

Нарында ок атуу менен коштолгон жаңжалдын себеби жайыт талашуу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жаңжал орун алган Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну билдирди.

"Бул жаңжал жайыт жерлерден улам чыкты. Өткөндө айыл ичинде чогулуш болгон. Ок чыгарган тарап жайыт жерлерди бекитип алган экен. Ошол чогулушта жайыт жерлерди ачып бериңиздер деп эл ок чыгарган тарапка кайрылган.

Чогулуш бүткөндөн бир нече күндөн кийин айылдаш агабызды ок чыгарган тараптын балдары аябай ур-токмокко алышыптыр. Токмоктолгон адам айыл элин тынчтантып, эч нерсе болгон жок деп койгон. Бул үй-бүлө мындан мурда дагы айылдагы тургунду сарайга алып барып сабап, эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.

Кечээ, 7-июлда айылдагы жаштар ок чыгарган үй-бүлөгө элдешели деп барышыптыр. Саат 11:00 чамасында WhatsApp'тагы тайпабызга "ок чыгарып жатат, келгиле" деген билдирүү келди. Тургундар дароо барганда ок-чыгарган тарап эч кандай сөзгө келбей, улуу эки баласы чоң унаа менен кишилерди качырыптыр. Тургундардын жини келип, үйүнө таш ыргытышканда алар үйүнөн мылтыгын алып чыгып, элди көздөй ок чыгарышты. Ага жини келген эл унаасын өрттөп салышкан.

Эми айыл элинин талабы бул үй-бүлө айылдан чыгып кетсин деп жатышат. Башка талабы жок. Октон жараат алгандар жаш балдар. Бирөө 11-классты жаңы эле бүткөн. Анын жоон ичегисине операция жасалып, бир бөйрөгүн алышты", - деди айыл тургуну.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы ок атуудан 6 адам жаракат алганын, анын үчөөнүн абалы оор экенин билдирген.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.07.2022. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
18-08-2022 12:36
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жерди эч качан талашпагыла туугандар! Жер силердики эмес силер жердикисинер!
08.07.2022. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
28-11-2013
Соӊку аракети:
18-08-2022 12:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Бул кыска өмүрдө эмне кылабыз жер талашып,урушуп,бирөөгө зулумдук кылып.Инсандын ар бир жасаган иштери анын амал дептерине жазылып атат.Олгондо адамга 2 метр эле жер жетерин билбей жатабыз
09.07.2022. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
743
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
18-08-2022 08:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким билсин балким чындап ашынып кеткендир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194613;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: