Таиланд. Полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан улам 100гө чукул адам жабыркады

Таиланддын Бангкок шаарында болуп жаткан тирешүүдөн улам 100гө жакын адамдар жабыркаганы маалымдалууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 3-декабрда кабарлоодо.
Маалыматка караганда, Таиланддын оппозициясы эки күндөн бери өкмөт үйүн басып алууга аракет жасашууда. Аларга каршылык көрсөткөн жергиликтүү полиция митингчилерди желим октор менен аткылап, алардын өкмөт үйүнө кирүүсүнө жол бербей жатат. Демонстранттар артка кетенчиктеп, кайра эле чабуулга өтүшүүдө. Айрымдарын "Тез жардам" кызматкерлери ооруканага алып кетишүүдө. Бирок, мындай кан төгүүлөргө карабастан оппозиция лидери Сутеп Таугсубан бүгүн, 3-декабрда кайрадан жаңы чабуулга киришээрин кабарлады. Ал айрым чет элдик маалымат каражаттарына “Биз бүгүн полициянын башкармалыгын басып алабыз. Бүгүн бул ишти аткарышыбыз керек”,- деп билдирди. 
Учурда нараазычылык акциясына чыккандардын саны саат сайын өсүп жатканы кабарланууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү манифестанттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатышат. Алар оппозиция лидери Сутеп Таугсубанды кармоого уруксат берип, кырдаалды көзөмөлгө алуу аракетин жасашууда. 
Айрым маалыматтарга караганда, жарадар болгондордун арасында чыныгы октон жапа чеккендер да бар. Жергиликтүү телеканалдардын журналисттери атышуу учурунда бул окторду полиция кызматкерлери эмес, белгисиз адамдар чыгарып жатканын маалымдашууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан