Ысык-Көлгө 18 күн мурун чөгүп кеткен кызды издеп жаткан ыктыярчылар президентке кайрылды

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жаткан ыктыярчылар президентке кайрылышты. Бул тууралуу
Кыргызстандын кыз-келиндер футбол ассоциациясынын вице-президенти Айдана Оторбаева социалдык баракчасына чыгарды.

"Бүгүн Аишаны издөөгө 18 күн болду, технологияны айтпаганда да адам ресурстары аз. Жергиликтүү тургундардын жана ӨКМнын кайыктарда үзгүлтүксүз издөө иштерин жүргүзүүсү жетишсиз. Бул издөөлөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу кылуу үчүн көбүрөөк ресурстар керек", - деп жазган ал.

Учурда Айдана Оторбаева дагы издөө иштерине катышууда.

Эсиңиздерге салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери аны издөө иштери натыйжа бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан