"Башаламан" тасмасында Залкардын образын жараткан Элдияр Айылчиев менен маектештик.
"Биз эң алгач "Үкү тобу" болуп түзүлүп, андан соң "Кызыкча" деген берүүнү тартканбыз. Ошол учурда бир тасма тарталы деп анан "Башаламан" тасмасын 2 күн Ошто тартканбыз, тилекке каршы тартылуу иштери баарыбызга жакпай калды. Оор экен, кыйын экен деп баарыбыз тарап кеткенбиз.
Азыркы учурда 4 балам бар. Жубайым белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун кызы. Мага тасмага тартылгандан көрө тарткан жагат", - дейт актёр.