Өзгөндө киши бычактоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалымаатка ылайык, 2022-жылдын 3-июнунда түнкү саат 03:54 чамасында Өзгөн шаарынын 1997-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну ур-токмок жана бычактан денесинен жаракат алып Өзгөн райондук ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө бейтапканадан Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.
Аталган кылмышка шектүү катары 5-августта Өзгөн шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Х.Ш., 29 жаштагы З.Ш. жана 27 жаштагы М.Х. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.