Ош шаарында кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2021-жылдын апрель айында жакын тууганын баласы менен чырдаша кетип, анын денесине оор жаракат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырган. Издөө иштеринин алкагында 1968-жылы туулган Ош шаарынын тургуну П.А кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Белгилей кетсек, шектүү мурда наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон.
Учурда шектүү жарандын үстүнөн тергөө иштери уланууда.