Бишкекте 71 жаштагы аялды тоноого шектүү кармалды (видео)

Бишкекте улгайган аялды тоноого аракет кылган жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июлда саат 16:30 чамасында 30-35 жаштагы белгисиз адам тоноо максатында аялга кол салган.

Анда улгайган аял көп кабаттуу үйгө кирип бара жатканда белгисиз адам артынан чуркап келип, анын колундагы баштыгын алууга аракет кылган. Ал жабырлануучунун колун жулкулдатып баштыкты ала албай калган, жабырлануучу кулап, жаракат алган. Андан соң шектүү белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада 71 жаштагы жабырлануучунун мээси чайкалып, акыреги сынган деген диагноз менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994-жылы Сокулук районунда туулган И.С. аттуу тургун кармалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин шектүү бир нече жолу унаа уурдагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экени текшерилүүдө.

Бишкекте 71 жаштагы аялды тоноого шектүү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан