Бүгүн
5-декабрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Мачо” экшн комедиясы көрсөтүлүүдө.
Тасманын сүрөт директору Мирлан Даанышмандын айтымында, тасма бир жарым жылдын ичинде тартылып бүткөн.
"Адегенде
актёрлор тандалып, андан соң аларга жараша сценарийин жазганбыз. Тасманы тартууга 80 000 доллар жумшалды. Актёрлордун арасында Чоро Думанаев, Күмөндөр Абылов сыяктуу КРнын Эмгек сиңирген
артисттери бар",- деп кошумчалады Мирлан Даанышман.
Белгилей кетсек, тасмадагы башкы
каармандардын ролдоруна Жамбыл Камчыев, Күмөндөр Абылов, Самат Эркинбеков, Зияш
Турдубеков, Эмил Эсеналиев, Айпери Мурзакулова тартылган.