7-декабрда акын, жазуучу Меңди Мамазаированын 70 жылдык мааракесине карата көргөзмө өтөт

7-декабрда КРнын Эмгек сиңирген ишмери, акын, жазуучу Меңди Мамазаированын 70 жылдык юбилейине карата Улуттук китепканада көргөзмө өтөт. Көргөзмөгө акындын өмүрү, чыгармачылык жолу чагылдырылган китептер, гезит-журналдар, сүрөттөр коюлмакчы. Аталган көргөзмө «Көрүнүктүү акын жана прозаик», «Чебер, драматург, публицист» деген 2 бөлүктөн турат.

Эске салсак, Меңди Мамазаирова Ош облусунун Кара-Суу айылында жарыкка келген. КУУнун филология факультетин аяктап, эмгек жолун Мамлекеттик телерадиосунун редакторлук кызматынан баштаган. Эмгек жолунда мугалимдик, журналисттик кесиптерди да аркалаган. Кыргыз адабиятына жана искусствосуна зор салым кошкондугу үчүн “Даңк” медалын тагынган. Анын калеминен жаралган бир топ ыр жыйнактары, аңгемелери, пьесалары китеп текчелерден орун алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан