Жардамчылардын баш кийиминде жана футболкаларында "Биз" деген жазуу бакырайып көрүнүп турду. Бул эмнени айтып турат? Спорт ордосунда бүгүн "Биз" кожоюн дегенди ээ?
Демейде артисттердин көптүгүнөн баш адашып, издеген кишиңди кыйынчылык менен табасың. Бул жолку концерттин өзгөчөлүгү Спорт ордосунда жалаң гана "Биз" тобунун үнү чыгып турду. Бул дал ушул концертте тиешелүү кызмат алган кишилер менен "Биз" тобунун эстеликке түшкөн сүрөтү.
Концерттин акыркы сөзүн Бактияр Токторов менен Ильяз Агыбай уулу айтты. Алардын дуэти концерт алкагында жаңырган акыркы чыгарма болду.
Гримдөөчү бөлмөдөн бир кадр. "Биз" тобу концерттин алкагында бир ирет формаларын алмаштырышты.
"Буй-буй" кайрыктарын ким мыкты созорун аныктоо учурунда. Дээрлик бардык катышуучулар Бактияр Токторовчосунан "титирей" албаса да мүмкүн болушунча окшоштурушту.
Ырчы "Кечки туман" чыгармасын аткарууда. Албетте, тумандын коштоосунда...
Бактияр Токторов топтун мүчөлөрүн да эриктирген жок. Ырдап жатып айрым кайрыктарына келгенде микрофонду бирде баранчынын оозуна, бирде гитарачынын оозуна такап жатты.
Гитара чертен солист да чеке тердете ырдап жаткан Бактияр Токторовду колунан келишинче колдоп жатты.
Топтун актуалдуулугун жылдар бою сактап келген нерсе - топтун мүчөлөрүнүн активдүүлүгүндө десек болот.
Адатта концерттин программасы жазылган кагаз залда илинип, артисттер ары өтүп бир, бери өтүп бир өзүнүн кезегин карачу эле. Бул жолу концерттин программасы өтө жупуну кагазга жазылып, музыкалык аппаратуранын бир капталына жабыштырылыптыр.
Концерт шаңдуу болду, кызыктуу болду дегенден башканы айтуу мүмкүн эмес. Кол чаба берип алаканы кызаргандар жана күлө берип ичи ооругандар ушул жерде болду десек болот.
Алып баруучулукту куудул Ильяз Агыбай уулу аркалады. Өзү айтмакчы миңдеген тойлордун лауреаты баштан аяк тамашалары менен элдин боорун эзип отурду. Бирде жаш баланын үнү менен сүйлөп, бирде ырчыларды туурап ырдап, кай бирде Күмөндор "болуп" жатты.
Концерт легендарлуу "Биз" тобунун репертуарындагы популярдуу ырлар менен башталды.