Ырчы Тынчтыкбек Айылчиев “Чынара” аттуу ырына жаңы клип
тартты. Клиптин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыков менен аткаруучуга
таандык.
Клипте "тамашоучу" балдар роль жаратышкан.
“Ыр тамашалуу болгондуктан
ага жараша клип да ушундай таризде тартылды. Клиптин көркүн Уларчик ачты десем
болот. Трактордон тартып түшүрүп жаткан эпизоддо анын бутун оорутуп алдык.
Баарыбыз айылдык балдардын образына киргендиктен тартуу учурунда кызыктуу
окуялар көп болду”,- деди ырчы.