Заирбек Жоошбеков, депутат: "Ооба, Ошто чоң өзгөрүүлөр болду, бирок ал бир эле адамдын эмгеги эмес"

Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында депутат Заирбек Жоошбеков Ош шаарындагы мэр шайлоого элдин агылып келишин сындады. Айтымында, телеканалдар 45 депутат чече турган мэр шайлоону бүтүндөй Кыргызстандын көйгөйүнө айлантып жиберишти. "Союз маалында биринчи жакшы жактарды айтып, кемчиликтерди аягында көрсөтчү. Азыр телеканалдарда жалаң негатив. Ош шаарынын борборуна элди чакырышты, натыйжада тополоң чыкты. Ооба, 3 жыл ичинде Ош шаарында чоң өзгөрүүлөр болду. Бирок ал бир эле адамдын иши эмес. Ал иштерге мамлекеттен көптөгөн акчалар бөлүндү. Бир гана адамды баатыр кыла берүүнү токтотуш керек",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан