Бишкекте Токтогул көчөсүндөгү талкуу жараткан тактайчага мэриянын тиешеси барбы?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев талкуу жараткан Токтогул көчөсүнүн аталышы жазылган тактайга калаа бийлигинин тиешеси жок экенин билдирди.

"Сынга алынганы туура болду. Мэрия тарабынан аны жазып, илүү боюнча маселе жок. Туура эмес жазылган тактайчаны кооз кылууну көздөп, өзүм билемдик менен илип койгон жашоочулар жана чарбалык субъекттер болгон",- деди ал "Биринчи радиого" берген маегинде.

Социалдык тармактарда шаардагы Токтогул көчөсүнө "Токтогула көчөсү" деп жазылып илинген тактайча кызуу талкуу жаратты. Анда "токтоп, анан өтүш керек", "токтоп туруш керек" деген сыяктуу жылмайткан комментарийлер жазылган.

Бишкекте Токтогул көчөсүндөгү талкуу жараткан тактайчага мэриянын тиешеси барбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан